народный

Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял изделүүдө-ВИДЕО

   Бул тууралуу «коом.press» сайтына Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди. “Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн айымдар учурда изделип жатат. Ага  264-берене менен (массалык баш аламандыкты уюштуруу) кылмыш иши козголгон. Жакын арада кармалып, суракка алынат”-деп билдирди. Кошумчалай кетсек, кечээ аянтта  экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүшкөн. Алардын тарапташтары, эки аял Жогорку Кеңештин имаратынан чыгып келе жаткан кызматкерлердин жакасынан сүйрөп, адепке келбеген сөздөрдү айтышкан болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru