Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов каза болду. Маалыматты АКИpress агенттигне Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.

Анын айтымында, Туманов кечээ, 6-апрелде көз жумду.

«Ал үйүндө дарыланып жаткан жана абалы начарлаганда 1-апрелде ооруканага жаткырылган. Бейтап пневмонияга чалдыккан. Ооруканага келгенде абалы оор болчу», – деди Аалиев.

Маркум 2018-жылы октябрь айында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

2010-жылы 10-ноябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

БУЛАК: “Баракелде”

Leave A Reply

Your email address will not be published.