Жогорку Кеӊештин 2020-жылдын 12-февралында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2 – окууларда кабыл алынды.
1-окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору:
– «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Турусбеков Б.С.
-«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 26.11.19дагы № 640 токтом.
-«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 16.12.19дагы № 680 токтом.
2- окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору:
-«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 27.08.19дагы № 431 токтом.
Четке кагылган мыйзам:
-«Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы