Жогорку Кеӊештин 2020-жылдын 19-февралында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,3 – окууларда кабыл алынды.
1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
-«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жапаров А.Ү., Жоробеков Т.У., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Акаев Ж.К., Нурбаев А.М., Рысалиев З.К., Келдибаев С.А., Жунус уулу Алтынбек.
-«Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кыдыралиев У.Т., Касымалиева А.К., Маматалиев М.А., Жеенчороев М.К., Дюшалиев А.К., Токтошев Э.Т., Мавлянова М.Э.,Конушбаев Т.К., Келдибаев С.А., Тотонов Н.Т., Рысалиев З.К., Жоробеков Т.У., Баймуратов К.Ш.
3-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:
– «Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 27.06.19дагы № 319 токтом.
Жогорку Кеңештин токтом долбоору:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө».
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы