Жогорку Кеӊештин 2020-жылдын 5-февралында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3- окууларда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ:

– “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.08.19дагы № 425 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

– “Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.12.19дагы № 664 токтом);

– “2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.11.19дагы № 639 токтом);

– “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.19дагы № 622 токтом);

– “Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 685 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

– “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 543 токтом).

Четке кагылган мыйзам:

– “Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечилери – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Левина Т.В., Бадыкеева Н.Н., Скрипкина Г.А., Бекешев Д.Д., Бакир уулу Т., Кочкарова Э.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – Мыйзам четке кагылсын).

Жогорку Кеңештин токтому:

– “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Жапаров А.Ү., Жетигенов Б.Ж., Зулпукаров Т.З., Юсуров А.Л., Маматалиев М.А., Абжалиев А.Т., Сулайманов А.Т.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru