Жогорку Кеӊештин 2020-жылдын 6-февралында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору
Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2 – окууларда кабыл алынды.
1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:
– «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 16.12.19дагы № 682 токтом.
2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
-«Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору.Демилгечи – Өкмөт, 27.06.19дагы № 319 токтом.
– «2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 03.06.19дагы № 264 токтом.
-«2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 12.12.19дагы № 677 токтом.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы