Жол кырсыгынан автобус өрттөнүп, 45 адам каза тапты, анын 12си өспүрүм балдар

Болгариянын  БГНЕС маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Болгарияда автобус өрттөнүп кеткен кырсыктан кеминде 45 киши, анын ичинде 12 бала каза болду.
Кырсык София – Благоевград автожолунун 31-чакырымында болгон. 52 кишини ташыган автобус мурунку түнү Болгариянын чек арасын кесип өткөн.
Каза болгондордун арасында автобустун айдоочусу да бар. Эки аял жана беш эркек аман калган.

Жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, өрт кырсыктын кесепетинен келип чыккан. Аман калгандардын баары оор абалда ооруканага жеткирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru