Жол кырсыгынан үч адам каза болуп,бешөө жаракат алды

Кечээ Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында болгон кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, бешөө жаракат алышты. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. «Кырсык 29-октябрда саат 18.40та Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун 38-чакырымында болгон. Daewoo Matiz жана Audi-100 унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Daewoo Matiz» унаасынын жүргүнчүсү Б.у.М. жана «Ауди» унаасынын жүргүнчүлөрү И.С. жана A.у. И. ооруканага жетпей каза болушкан», – деп айтылат маалыматта. Жол кырсыгынан аман калган беш адам, жол инспекторлорунун айтымында, учурда оор абалда аймактык ооруканада. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат, кылмышкерлер аныкталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru