Жол кырсыгынан бир нече адам набыт болду-(ВИДЕО)

Бишкек – ​​Торугарт унаа жолунда “Хонда Степвагон” менен “КамАЗ”дын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы  билдиргендей,  жеңил унаа жүк ташуучу унааны айланып өтүүгө аракет кылган, бирок аны сүзүп, бетон тосмого урунуп, андан сырткары бир нече жолу оодарылып кеткен.

Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен бир нече адам каза болду, жабыркагандардын саны такталууда.

Азыр Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru