Жол кырсыгынан депутат каза болду

Бүгүн, 15-октябрда Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө, тактап айтканда Төө-Ашууда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 2 киши каза болду.

Чүй облустук ЖКККБнын маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 15-октябрда таңга маал саат 03:30-04:00 чамасында болгон. Анда Баткен облусунун 1973-жылы туулган тургуну А.А. өзүнүн «Лексус» унаасы менен Бишкек—Ош жолунда түштүктөн түндүккө көздөй бара жатып жолдун 200-чакырымында рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктан айдоочу А.А жана 1949-жылы туулган А.М. аттуу жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, ошол жерден каза болгон.

Партиянын билдиргенине караганда каза тапкан айдоочу Адылбек Абдуллаев 2016-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешине «Бир Бол» партиясынан депутат болуп шайланып келген. 47 жаштагы маркумдун артында 3 уул, 3 кызы калды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.