Жол кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу салондо кыпчылып калган-(ВИДЕО)

Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа катуу сүзүштү. Жол кырсык бүгүн саат 15:30дар чамасында катталды.

“Патруль” ыкчам жооп берүү тобунун автоунаасы (ГБР) «Тойота Камри 50» машинесин сүзгөн. Күбөлөрдүн айтымында, атайын кызматтагы унаанын айдоочусу салондо кыпчылып калган абалы оор. Экинчи кызматкер дагы жабыркаганы айтылды. 

«Тойота» унаасынын ичинен бир жаран жаракат алып, тез жардам кызматы алып кетти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.