народный

Жубайлар 55 жылдан кийин нике күбөлүгүн алышты

80 жаштагы Махмуджон Мирзабоев Наманганда туулуп, 77 жаштагы Райхана Усманова менен шарият никесинде жашаган. Алар мыйзамдуу түрдө никеге турушкан эмес. 55 жылдан кийин, алардын никеси Наманган шаарынын ЗАГСында катталган. Бул тууралуу жергиликтүү Xabar.uz басылмасы билдирди.

“Үйлөнгөнүбүзгө ушунча жыл болсо дагы, нике күбөлүгүн алганга убактыбыз болгон жок. Азыр неберелерибиз жана чөбөрөлөрүбүз бар болгондуктан, нике каттоосу мен үчүн 80 жылдык юбилейиме белек болуп калды”,- дейт Махмуджон Мирзабоев.

Маалым болгондой, учурда ар кандай турмуштук көйгөйлөрдөн улам никесин өз убагында каттатпай, бир нече жылдан кийин нике күбөлүгүн алган түгөйлөр арбын.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru