Жубайынын мурдун тиштеп алган жаран 3 жылга эркинен ажыратылды

Өзбекстанда эркек киши кайын атасынын үйүндө аялы менен уруша кетип, анын мурдун тиштеп алган. «Qalampir» басылмасынын айтымында, ал 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды.

Окуя Анжиян облусунун Булакбашы районунда болгон. Ал жубайы менен жарашканы келген, бирок кайынатасынын каршылыгына жини келип, аялынын мурдунун учун тиштеп алган. Аталган окуянын кесепетинен аял эми бир нече кымбат балуу операцияларды жасатууга мажбур.

Маалыматка ылайык, кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын жана дарыгерлердин айтымында, жабырлануучуга мурдун калыбына келтирүү үчүн операция талап кылынат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru