Жумабек Салымбеков 145 270 000 рубль турган базар сатып алды

Москвада катталган «Дордой» ЖЧКсы Ярославль шаарындагы Ленинский базарын сатып алды. Бул тууралуу IA REGNUM Ярославль шаардык мэриясынын порталына шилтеме берүү менен билдирди. Аукциондун баштапкы баасы 145 270 000 рубль болгон. Аукционго үч катышуучу – «Дордой» ЖЧКсы, «Ring Premier Hotel» ЖЧКсы жана «Ярославский технический углерод имени В.Ю. Орлова» катышты. Бирок, Ярославлдын катышуучулары соодалашкан жок. Базар «Дордой» ЖЧКсына баштапкы баасында сатылды. Компания 2020-жылы апрель айында Москвада катталган. Негиздөөчүсү Жумабек Салымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru