Жумгал районуна Бишкектен дарыгерлердин кошумча тобу барат

Нарын облусундагы Жумгал районуна Бишкектен дарыгерлердин кошумча тобу барат. Бул тууралуу 15-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Буга чейин коронавирусту алдын алуу жана дарылоо үчүн Ат-Башы районуна Бишкектен төрт дарыгер барган, эми андай зарылчылык Жумгалда да пайда болгонун айтты.

“Бүгүнкү күндө Жумгал районунда да ошондой муктаждык чыккан. Ал жерге да дарыгерлердин тобун топтоп, жөнөткөнгө аракет кылабыз” деди ал.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449 адамга жетти, алардын 34ү Нарын облусунда

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru