Жумгал районунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Нарын облусунун Жумгал районунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу райондук штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган дарыгер менен кенже кызматкер мурунку төрөт бөлүмүндө жайгашкан госпиталда кызмат өтөп жатышкан.

Жумгалда буга чейин коронавирустун жалпы 10 учуру катталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru