Жумгалда 25 жаштагы жигит асынып алды

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Жумгал айылында эркек киши өзүнүн короосунда асынып каза болду.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2022-жылдын 14-январында саат 14:00 чамасында Жумгал районунун 1996-жылы туулган тургуну М.А. үйүнүн мал короосунда асынып каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзүлгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Маркумдун жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз-дооматы жок экендигин билдиришкен.

Аталган факты боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru