Жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат
Борбор калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайы, окутуунун максаты — калаада каттоосу бар, бирок жумушу жокторго иш табууга жардам берүү. Билим алуу акысыз жүргүзүлөт. «Жарандар эмгек рыногунда суроо-талап болгон ондогон адистиктер боюнча окутулат. Окутуу 1-4 айга чейин уланып, жеке компанияларда же шаардык кесиптик лицейлеринде өтөт. Стажировкадан өткөндөргө 360 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик стипендия төлөнүп, окууну аяктаганда сертификат берилет», — дешти башкармалыктан.
Жумушсуздар окуй турчу адистиктер: — укалоочу;
— чач тарач, косметолог-визажист, каш татуаждоо, лешмейкер;
— маникюр, педикюр жасоочу, кирпик, каш жасоочу;
— администратор, официант-бармен, ашпозчу;
— компьютерди билген кеңсе менеджери;
— бухгалтердик эсеп + 1С, бухгалтердик билим;
— сатуучу-консультант, кассир;
— «В» жана «С» категориялары боюнча айдоочу;
— чыгыш жана европа ашканасы боюнча ашпозчу;
— кондитер;
— тигүүчү;
— тигүү тармагында слесарь-ремонттоочу;
— автоунаалар боюнча адис;
— токарь-универсал;
— телефон, турмуш-тиричилик техникаларын оңдогон адис;
— ширетүүчү;
— вагон оңдоочу;
— кран – автоунаа машинисти;
— сall-борбордун оператору;
— web-дизайнер.
Мындан сырткары, графикалык редактор, бухгалтерлердин программасы, чет тилдерди жана бизнес, ишкерликтин баштапкы этаптарын үйрөнө алышат.