Жылдыз Жолдошева Мекенчил партиясынын мүчөлөрүнөн кечирим сурады

Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева жергиликтүү ММКнын бирине маек берип жатып, Жапаровго болгон мамилесин жана сүйүү менен саясаттын окшоштугун айтып өттү.

Ал саясатты сүйүүгө окшоштурат.

“Сен бир кишини сүйгөнүңдө ал кишинин эч бир кемчилиги байкалбайт. Саясатта деле ошондой, фанат болуп каласың бир кишиге. Андан кийин анан өкүнүп каласың, “Мен эмнеге ушул кишини колдодум экен” деп. Сүйүүдө кээде кечирип коюшуң мүмкүн, а саясатта кечире албайсың. Айырмасы ушунда”-деди экс депутат.

Жолдошева Президент Садыр Жапаровдун абактан чыгып, Президент болуусуна түздөн-түз салым кошкон “Мекенчил” партиясынын көрүнүктүү өкүлү экендиги баарыбызга маалым.  Бирок, башка өкүлдөр сыяктуу ал кызматка олтурган жок.  Тескерисинче “Мекенчил” партиясы алдыдагы шайлоолорго катышпайт деп, Жапаров өзү билдирүү таратты.

Ал үчүн партиянын мүчөлөрүнөн Жолдошева бүгүнкү маегинде кечирим сурады.

“Мен силерди түшүнүп турам, капа болбогула! Силерди колдонуп туруп таштап койгондой ачуу сезим жан дүйнөңөрдү ээлеп алды. Андай ойдон алыс болгула! Негизги максат Жапаров эркиндике чыгыш керек эле, ошол вазийпаны биргеликте ишке ашырдык! Экинчиден сени бирөө колдонуп калбаш үчүн, эч качан чындыкты айткан өз позицияңардан тайбагыла!”-деди.

Ошону менен бирге, ал “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрүнөн, тарапташтарынан кечирим сурады.

Мен ар дайым чындыкта айтам деген мурдагы депутат, партиялаштары тарабынан эч кандай кызматка сунуш болбогонун жашырган жок.

“Сунуш болсо деле аткаруу бийлигине бармак эмесмин, анткени мен ЖКга депутаттыка барам”-дейт.

 Бирок азырынча кайсы партия менен барышы белгисиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.