Жылдызкан Жолдошева 35 000 доллар боюнча Ташиевге эскертүү берди

Оштун бизнесмендерин бир партиянын өкүлдөрү “35 000$ берип шаардык кеңешке депутат бол, андан соң биздин адамды мэр кылып шайлайсың” деп кысым көрсөтүп жатышат.  Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын мүчөсү, экс депутат Жылдызкан Жолдошева бүгүн “Марал” радиосуна маек берип жатып билдирди.

“Оштон бизнесмендер айтты. Партиянын атын атай албайм, бирок Камчыбек Кыдыршаевичке кулак кагыш кылып койсом.  Бизнесмендерди 35 000 доллардан төгүп, бир партияга кирип, шаардык кеңешке катышып, бир инсанды мэр кылып бересиңер деген кысым болуп жатыптыр. Ушундай кысымдар Жээнбековду, Атамбаевди жек көрсөткөн. Мындай кысымдар боло берсе, ушуга көңүл бурбаса, анда ачыгын эле айтып коёюн, азыркы Преиздентти деле жек көрсөтүп коёт!”-дейт Жолдошева.

Leave A Reply

Your email address will not be published.