Зоопарктагы жолборстон коронавирус аныкталды

Зоопарктагы жолборстон коронавирус аныкталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс зоопаркында Надия аттуу төрт жаштагы жолборс коронавирус оорусун зоопаркка көрүүчү катары келген адамдан жуктуруп алган.

“Дүйнөнүн кайсы бир жеринде адам жаныбарга оору жуктуруп, жаныбар ооруп калат деп уккан эмеспиз” – деп билдирген зоопарктын башкы ветеринар дарыгери Рейтер Пол Калле.

Кургак жөтөл Надеде, андан чоң ургаачы жолборс Азулда, дагы эки амур жолборсторунда, үч африкалык арстанда пайда болгон. Дарыгерлер тест алган учурда 4 жаштагы Надеден коронавирустун белгилери аныкталган. Учурда алардын тамакка табиттери жок болуп жаткандыгы кошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru