Катар менен Кыргызстандын футбол беттешинде Валерий Кичин мыкты оюнчу аталды
26.03.25 | 11:41
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттешинин мыкты оюнчусу улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин болду.
Анда Кичин атаандаштардын дарбазасына голду алгачкылардан болуп киргизип, биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктаган.
Айта кетсек, эки өлкөнүн беттеши 3:1 эсебинде Кыргыз улуттук курама командасынын жеңиши менен жыйынтыкталган. Беттештен кийин Кичин кыргызстандыктарга кайрылып, аларды жеңиши менен куттуктаган.
Редактор
Редактор
Поделиться: