Жарнама

Кант шаарындагы жол кырсыгына шектелип 29 жаштагы айдоочу кармалды

22.05.26 | 13:07
Кант шаарындагы жол кырсыгына шектелип 29 жаштагы айдоочу кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кант шаарындагы жол кырсыгына шектелип 29 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Буга чейин ал Кант шаардык мэриясынын кызматкери экени тастыкталган. Кечээ, 21-май күнү түндө болгон карагаша 28 жаштагы кыз каза тапты. Айдоочу мас болгону айтылды. Айдоочу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан.

Эскерте кетсек, 21-майда саат 23:53 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун Кант шаарында жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып саат 22:45 чамасында Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү машиненин 29 жаштагы айдоочусу түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, Күрөңкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактан түз өтүп кетип, Ленин көчөсүндө жайгашкан тиш дарылоочу жайды сүзгөнүн тактаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча